super.kg logo

Екатеринбургдагы Азербайжан диаспорасынын башчысынын уулу камакта калтырылды 

 

Екатеринбургдагы Жогорку-Исет райондук соту Азербайжан диаспорасынын лидеринин уулу Мутвалу Шыхлинскийге карата камак мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Шыхлинский 14-декабрга чейин камакта калат. Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айып тагылууда. Ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, 16-июлда Мутвалу Шыхлинский Екатеринбургдагы "Баку Плазага" жакындап келе жаткан укук коргоочу кызматкерди сүзгөн. Ал полициядан качууга аракет кылып, натыйжада аны кармаган кызматкерлердин бирин уруп кеткен.

Сот отурумунда Шыхлинский кылган ишине өкүнөрүн айткан. Ошондой эле унаасын артка жылдырганда полиция кызматкерлерин байкабаганын кошумчалаган.

Буга чейин Мутвалу Шихлинскийге «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камалган.

Эске салсак, айыпталуучунун атасы, Екатеринбургдагы азербайжан диаспорасынын жетекчиси Шахин Шихлинский июлдун башында күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Анын унаасы токтотулуп, айнектери сындырылган. Кийинчерээк ал бошотулган.

Мутвалу Шихлинский болсо 15-июлда кечинде Екатеринбургда кармалган.

Бул окуя Москва менен Бакунун ортосундагы чыңалуунун шартында жаралган. Июнь айынын аягында Екатеринбургда Азербайжандын эки жараны Орусиянын күч түзүмдөрү тарабынан кармалгандай кийин каза болгон. Бакунун версиясы боюнча, алар кармоо учурунда алган жаракаттарынан көз жумган.

Көп өтпөй Баку шаарында бир нече орусиялык жаран кармалып, аларга уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деген айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: