super.kg logo

Al Jazeera: ХАМАСтын лидерлери Дохадагы чабуулда аман калышты

 

ХАМАС кыймылынын Газадагы лидери Халиль аль-Хейя баштаган делегация Израилдин Дохага жасаган соккусунда тирүү калды. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы палестиналык булактарга таянып кабарлады.

Буга чейин Катардын борборундагы жолугушууга катышкан ХАМАС лидерлеринин каза болгону тууралуу маалыматтар чыккан.

"Аль-Хадат" басылмасынын маалыматына ылайык, тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн имаратта Халиль аль-Хейя, тышкы иштер боюнча кеңсе башчысы Халед Машааль, ХАМАС уюмунун командири Захер Жабарин, саясий бюронун мүчөлөрү Низар Аудалла жана Гази Хамад болгон. Буга чейин телеканалдын кабарында аль-Хейя, Захер Жабарин жана Халед Машааль Израилдин соккусунан каза болгону белгиленген.

Израил, бүгүн 9-сентябрда ХАМАС уюмунун жогорку жетекчилигине сокку урганын маалымдады. The Jerusalem Post басылмасы Израилдин бул операциясын АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы алдын ала колдогонун жазды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: