super.kg logo

Непал: Оппозициялык партиянын лидери камактан чыккандан кийин 1500дөй кылмышкер да боштондукка чыкты 

 

Непалдын Лалитпур шаарындагы Накху түрмөсү оппозициялык партия "Растрия Сватантранын" лидери Раби Ламичхан чыккандан кийин 1500дөй камактагы адам боштондукка чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү Khabarhub басылмасы жазды.

Оппозиционер бүгүн түрмөдөн бошотулган. Колониядан чыккандан кийин аны үй-бүлөсү жана нааразылык акциясына катышкан шакирттери тосуп алышкан. Khabarhub басылмасынын маалыматына ылайык, саясатчынын бошотулушу түрмө администрациясынын анын коопсуздугун камсыздай албай тургандыгын билдиргени менен байланыштуу болгон.

Бул окуядан кийин түрмөнүн коопсуздук кызматкерлери кызмат орундарын таштап кетишкен, башка камактагылар саясатчыны ээрчип чыгышкан. Азыркы учурда бийлик коомдук коопсуздукка коркунуч болушу мүмкүн деп тынчсызданууда.

Бошотулганга чейин Раби Ламичхан партиясын түрмөдөн да жетектөөнү уланткан. Khabarhub маалымдагандай, ал алдамчылыкка шектелип, кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: