U-23: Кыргызстандын курамасы Шри-Ланканы утуп, Азия Кубогуна жолдомо алды
Кыргызстандын U-23 футбол боюнча курама командасы Шри-Ланканын курамасын жеңди.
Беттеш 6:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө Марлен Мурзахматов 2 жолу гол киргизди.
Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө 46- мүнөттө Кими Мерк, 59- мүнөттө Християн Браузман, 67-мүнөттө Эрбол Абдужапаров жана оюндун 75- мүнөтүндө Саид Дациев гол жаратышты. Ошентип оюн жыйынтыкталды.
Беттешти көрүүгө 11 775 адам келди. Күйөрмандар активдүү колдоп беришти.
Эске салсак, бул оюндар 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат. Кыргызстан Палестинаны 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми Өзбекстан менен 2:2 тең чыгуу менен оюн жыйынтыкталган.
Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстан Шри-Ланканы жеңип Азия Кубогуна жолдомо алды.
Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.
Кыргызстан-Шри-Ланка беттеши: Кыргызстан курамасы жеңди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















