КМКБдан IMEI коддорду онлайн каттоо: ишенимдүү жана баарына жеткиликтүү
Кыргызстанда мобилдик телефондордун ээлери мындан ары каттоонун татаал процесстерине убакыт коротпой, «Кыргыз мобилдик каттоо борборунун» сервисинин жардамы менен үйүнөн чыкпай эле, телефондорун IMEI-коду боюнча каттай алышат.
Каттоо кантип жүргүзүлөт?
1. imei.kg сайтына кириӊиз
2. Телефонуңузда *#06# буйруусун терүү менен IMEI-кодду билиӊиз
3. "IMEI-кодду каттоо" талаасына 15 орундуу кодду жазыӊыз
4. "Кыргыз Республикасынын жараны" категориясын тандаңыз
5. Жеке маалыматтарыңызды толтуруңуз
6. "Түндүк" порталы аркылуу же селфи жасоо менен өздүгүӊүздү тастыктаӊыз
Эскертүү! Бир жолку сыр сөз SMS аркылуу келбейт, ал "Түндүк" колдонмосунда жеткиликтүү. Бул үчүн, санариптик документтер бөлүмүнө кириӊиз, андан кийин Паспорт баскычын басып, QR-кодду өйдө сүрүӊүз, төмөнкү оң жак бурчунда убактылуу сыр сөз бар.
7. «Түндүк» колдонмосунда жеткиликтүү болгон бир жолку сыр сөздү киргизиңиз.
Маалыматтар жана IMEI-коддор киргизилгенден кийин, система автоматтык түрдө төлөмгө өтөт.
Кызмат көрсөтүүгө ар кандай ыкмалар менен төлөсө болот:
- бирдиктүү QR-код менен,
- Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay банк карталары,
- ошондой эле MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу.
Суроолоруңуз болсо, борбордун адистери ар дайым жардам берүүгө даяр:
- +996 (997) 997 997 телефон номери боюнча (чалуу же WhatsApp),
- Бишкек шаары, М. Фрунзе көч., 393А дарегинде,
- ошондой эле Кыргызстандын бүткүл аймагындагы MEGAнын бардык кеңселеринде.
Жаңы сервистин жардамы менен IMEI-кодду каттоо тез, жөнөкөй жана өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн жеткиликтүү болуп калды. Эми телефонуңузду бөгөттөлүп калуудан бир заматта коргой аласыз!
КМКБ – ишенүүгө боло турган мамлекеттик IMEI оператору!
