super.kg logo

Ветеринардык дары каражаттарын каттоо боюнча жаңы систем ишке киргизилди

 

Айыл чарба министрлиги ветеринардык-дары каражаттарын каттоодон өткөрүү жана сапатын баалоо боюнча арыздарды каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу боюнча жаңы автоматташтырылган маалыматтык систем (АМС) тестирлөөнүн башталгандыгын билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, АМСти иштеп чыгуу президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Бул санариптик платформа ветеринардык препараттарды каттоого жана сапатын баалоого арыз берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу максатында иштелип чыккан.

Жаңы АМС жардамы менен ветеринария тармагында иштеген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер электрондук түрдө билдирме бере алышат. Бул "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалары борбору" мамлекеттик мекемеси менен өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуулугун жана ыкчамдыгын кыйла жогорулатат.

Системди киргизүү бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга, процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана бардык катышуучулар үчүн зарыл маалыматка өз убагында жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

АМС пилоттук этабынын алкагында тестирлөөдөн өтүп, андан соң аны өлкөнүн бүткүл аймагына киргизүү пландалууда. Бул ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндө сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөнү камсыздоого мүмкүндүк берип, тармакты санариптештирүүдө жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: