super.kg logo

iPhone 17 Air — Apple’дин эң жеңил жана ичке смартфону сунушталды

 

Apple кечээ, 9-сентябрда "Awe Dropping" презентациясында iPhone 17нин жаңы линиясын расмий түрдө жарыялады.

Негизги жаңылык iPhone 16 Plus линиясын алмаштырган iPhone 17 Air болду. Жаңы модель корпусунун калыңдыгы болгону 5,6 милиметр жана салмагы 146 грамм болгон компаниянын тарыхындагы эң ичке iPhone наамын алды.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, Air’дин экраны дээрлик Pro Max экранындай, бирок жеңилдик үчүн моделдин батареясы жана камералары кичирейтилген.

Күчтүү камералар жана кубаттуулугунун узакка жетүүсү маанилүү болгондор үчүн 6,3 жана 6,9 дюймдук диагоналдары бар iPhone 17 Pro жана Pro Max сунушталды. Эки моделде тең жаңыланган камера модулдары бар.

Apple ошондой эле акылдуу сааттардын сериясын жаңылады. Series 11ге кан басымын өлчөө функциясы, уйкуну көзөмөлдөө, иштөө убактысы 24 саатка чейин көбөйтүлдү, айнек эки эсе бекемделди, ал эми ичинде 5G-модем бар.

Жаңылыктардын арасында - AirPods Pro 3 дагы бар. Наушниктер сүйлөө кебин синхрондуу которуу функциясын, жүрөктүн кагышын өлчөөчү датчикти, жакшыртылган ызы-чууну басууну жана нымдан коргоону алды.

Жука корпусуна жана инновациялык дизайнына карабастан, iPhone 17 Airдин баасы 1099 долларды түзөт, бул мурунку iPhone 16 Plus'тан 200 долларга кымбат.

Жаңы өндүрүмдөрдүн сатылышы 19-сентябрда башталат.






Apple жаңы iPhone 17 Air менен тааныштырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: