super.kg logo

Непалдын мурдагы премьер-министринин жубайы митингчилердин кол салуусунан каза болду

 

Непалдын мурдагы премьер-министринин жубайы Арзу Рану Деуба митингчилер алардын үйүнө кол салгандан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Митингчилер аны сабап, андан соң үйүнүн ичине камап өрттөп салышты. Ал күйүк алып, ооруканада көз жумду. Ал өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын аркалап келген.

Экс-премьер-министр Шера Бахадура Деуба аялы менен трагедияга чейин үйдөн чыгарылып, канга боёлгон. Милиция кызматкерлери аны куткарып калууга жетишкен.

Эске салсак, жарандардын нааразы болушуна 4-сентябрда Непалда бир катар социалдык тармактарга киргизилген чектөөлөр себеп болгон.

Катмандудагы Непал парламентинин имаратынын алдына чогулган митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Алар Непалдын президентинин резиденциясына кирип, аны өрттөштү. Премьер-министр Шарма Олинин Балкот шаарындагы жеке резиденциясын да өрттөштү. Министрлер менен саясатчылардын бир нече резиденциясына да зыян келтирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: