ТИМ кыргызстандыктарды Непалга барбай турууга чакырды
Непалдагы нааразычылык акцияларына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Непалдын аймагында жүргөн жарандарын коопсуздукту камсыздоого чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, Катманду баш болгон айрым аймактарда массалык топтолуу жана баш аламандыктар болуп жаткандыктан, Кыргыз жарандарынан эл көп чогулган жерлерге барбоо жана массалык иш-чараларга катышпоону өтүнөт.
Ошондой эле Непалга сапар пландагандарга коомдук-саясий кырдаалды эске алып, зарыл болбогон учурда сапарды жылдыра турууну сунуштайт.
Кырдаал боюнча жардам керек болгон учурда төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууга болот:
- ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002
- Кыргызстандын Индиядагы элчилиги: +91 92894 00944 (WhatsApp)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:13
2025-09-10

13:00
2025-09-10
12:03
2025-09-10

11:35
2025-09-10

Рейтинг:
0

