super.kg logo

Израил Дохага коюлган чабуул тууралуу айтты

 

Кечээ, 9-сентябрда Израил Катардагы ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга сокку урган. Чет элдик басылмалар операцияны Израилдин коопсуздук кызматы жүргүзгөнүн кабарлады.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, сокку ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуусун жетектеген мүчөлөрүнө багытталган.

Al Arabiya басылмасы соккуда ХАМАС кыймылынын Газа секторундагы башчысы Халиль аль-Хайя жана анын жетекчилигиндеги дагы үч мүчө — Халед Машаль, Захер Жаббарин жана Низар Аудалла каза болушканын жазса, Al Jazeera алар тирүү калганын кабарлады.

"Бул операция Израил тарабынан башталып, Израил тарабынан жүргүзүлдү жана анын толук жоопкерчилиги Израилге таандык",- деп айтылат Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө.

"Израил сокку алдында "жарандык калкка зыянды азайтуу үчүн чаралар көрүлүп, так багытталган курал-жарактар колдонулуп, кошумча чалгындоо маалыматтары алынган",- деп айтылат билдирүүдө.

Бул арада Катар мамлекетинин премьер-министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани Израил тарабынан Доха шаарына жасалган ракеталык чабуулга байланыштуу өз өлкөсүнүн суверенитетин коргоо укугу сакталарын айтты.

Ал Израилдин бул аракетин “мамлекеттик терроризм” деп мүнөздөп, ХАМАС менен ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан шартта делегация мүчөлөрүнө сокку урууну “саткындык” катары баалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: