Короого көмүп койгон... Бишкекте 46 жаштагы киши чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп кармалды
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 46 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 21-июнда милицияга 62 жаштагы апасы дайынсыз болуп жатканын билдирип, анын баласы арыз менен кайрылган. Факт каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Быйыл 13-августта дайынсыз жоголгон аял менен бирге жашап келген 46 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө ал аны өлтүрүп, сөөгүн маркумдун үйүнүн короосуна көмүп койгонун айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Райондук милиция учурда кылмыштын чыныгы жагдайларын аныктоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери кошумчаланды.
Бишкекте 46 жаштагы киши чогуу жашаган аялды өлтүргөн делип кармалды
