Катар Израилдин Дохага жасаган соккусун жоопсуз калтырбайт
Катар мамлекетинин премьер-министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани Израил тарабынан Доха шаарына жасалган ракеталык чабуулга байланыштуу өз өлкөсүнүн суверенитетин коргоо укугу сакталарын айтты. Бул тууралуу ал Al Jazeera телеканалына курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, Катар мындай агрессияны кабыл албайт жана жооп катары тиешелүү чараларды көрүүгө даяр. Учурда Катар бир катар союздаш мамлекеттер менен байланыш түзүп, жакын арада жооп чаралары тууралуу расмий билдирүү жасалмакчы.
"Мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган мындай аракеттерди жөн эле көз жаздымда калтырбоого тийишпиз. Бул эл аралык укукту одоно бузуу. Биз ар кандай жолдор менен жооп кайтарууга даярбыз",- деди шейх Аль Тани.
Ал Израилдин бул аракетин “мамлекеттик терроризм” деп мүнөздөп, ХАМАС менен ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан шартта делегация мүчөлөрүнө сокку урууну “саткындык” катары баалады.
Эске салсак, 9-сентябрда Израиль Катардагы Доха шаарына ракета менен сокку урган. Расмий маалыматтарга ылайык, чабуул учурунда ХАМАС кыймылынын саясий кеңешинин мүчөлөрү жашаган турак жайлар жабыркаган. Al Arabiya телеканалы ХАМАС өкүлүнө шилтеме берип, кыймылдын лидерлери Халиль аль-Хайя жана Халед Машаль каза болгонун жазып чыкты.
