super.kg logo

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптик лицейлер менен кызматташууну өнүктүрөт

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен борбордогу кесиптик-техникалык лицейлердин директорлорунун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талкуунун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасына өзгөчө басым жасалды. Бул процесстин алкагында мектеп окуучуларына жалпы билим берүүчү предметтерди өздөштүрүү гана эмес, окуу учурунда кесипкөйлүккө да ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле эң көп суроо-талапка ээ болгон кесип жана адистиктер боюнча муниципалдык тапшырыкты калыптандыруу жана түзүү маселелери каралды.

Студенттердин өндүрүштүк практикасына да көңүл бурулду. Мэриянын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүндө, ошондой эле "Бишкек жарык", "Бишкек жашыл курулуш", "Бишкексууканал" жана башка ишканаларында стажировкадан өтүүнүн варианттары талкууланды.

Муниципалдык түзүмдүк бөлүктөрдө иштеген кызматкерлерге кошумча билим берүү жана аттестациялоо программаларын уюштуруу, ошондой эле жумушсуз жарандарды жумушка орноштуруу үчүн окутуу перспективасы каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар мэри конкреттүү мөөнөттө жана жооптуу аткаруучулар менен иш планын иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле багыттар боюнча сапаттуу билдирмелерди даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: