super.kg logo

Оштогу Барсбек кагандын эстелиги кайсыл жерге жылдырыларын мэр жерине барып көрсөттү (видео)

 

Бүгүн, 10-сентябрда таңкы рейддик кыдырууда шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Касымбеков көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатып, Барсбек кагандын эстелиги жайгаштырылуучу жерди көрсөттү.

Аталган жай Раззаков көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн тарта Кара-Суу районунун аймагына чейинки жаңы жашыл аймакта болот. Ал жерге эстелик менен катар эс алуу багы курулат.

"Май куюучу жайды сүрдүрүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 метр жер калтырып, чоң эс алуучу жай кылалы. Бул жерге Кулатовдогу Барсбек кагандын эстелигин сонун кылып коёбуз. Эс алуучу жай кылып, кагандын атын берип коёбуз",- деди мэр.

Калаа башчысы шаардык архитектура башкармалыгына эскиз даярдоону тапшырды.






Оштогу Барсбек кагандын эстелиги кайсыл жерге жылдырыларын мэр жерине барып көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: