Депутат жаштар саясаты боюнча өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков өлкөдө жаштар саясаты боюнча өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу пикирин ал парламенттин бүгүн, 10-сентябрдагы жыйынында айтты.
Айтымында, сунушталып жаткан жаштар агенттиги президентке караштуу болушу керек.
"Жаштар саясаты маданият, маалымат тармагынынын көлөкөсүндө калып келүүдө жана өлкөнүн аймактарында жаштар саясатын жүргүзүү жана жаштарды өнүктүрүү өтө төмөн деңгээлде ишке ашууда. Ош шаарын эске албаганда.
Өлкөдө жаштар саясатын ишке ашырууда регионалдык көйгөйлөр бар. Аны социалдык жана экономикалык деп бөлүп койдук",- деди эл өкүлү.
Муратбеков бул багытта коңшу өлкөлөрдө түзүлгөн кызматтар тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу башкармалык бар экенин, анда республиканы караган жети адис иш алып бара турганын айтты.




