Польшанын аба мейкиндиги орус дрондоруна каршы чара көрдү
Польшанын аба мейкиндигин орус дрондору бузганы үчүн НАТО менен биргеликте операция жүргүздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул согуш башталгандан берки биринчи түздөн-түз сокку болду. Натыйжада төрт аэропорт, анын ичинде Варшавадагы Шопен жана Жешув–Ясьонка убактылуу жабылды.
Коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш поляк учактары душмандык буталарды атып түшүргөнүн билдирди. АКШ сенаторлору бул окуяны "Путиндин НАТОну сынашы" жана "согуш жарыялоо" деп баалашты.
Польша жогорку даярдыкка өтүп, эртеңден тарта Беларусь менен чек арасын жаба турганын жарыялады. Коопсуздук чаралары Балтика өлкөлөрүндө да күчөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:46
2025-09-10
11:43
2025-09-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.