super.kg logo

Токмок шаарына жакын жердеги үрөй учурган жол кырсыгынан беш адам каза болду

 

Токмок-Кошой унаа жолунда болгон жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 9-сентябрда саат 19:30 чамасында Токмок шаарына жакын жерде Тойота жана Субару үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Биринчи унааны 1954-жылы туулган Т.О, экинчисин 1975-жылы туулган И.Н. аттуу жарандар башкарып бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, Субару унаасынын айдоочусу карама каршы тилкеге чыгып, Тойота Виш үлсүндөгү автоунаны сүзгөнү аныкталды.

Кырсыктын кесепетинен Тойота унаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү, анын ичинде 15 жаштагы өспүрүм ошол жерден каза болгон. Дагы үчөө, анын ичинде 12 жаштагы бала түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Субарунун айдоочусу Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: