Эрулан Кокулов парламенттин жаңыланган залындагы мүчүлүштүктү айтты (видео)
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов эл өкүлдөрүнүн сүйлөгөнү жакшы угулбай жатканын айтып, үн чыгаруучу жабдыктарды карап коюуну өтүндү.
"Оңдоодон кийин колонкалар жакшы иштебей жатат. Сөздөр угулбай калууда. Бир карап койбойсуңарбы. Мына, экинчи жыйын болуп жатат, биз айтылган сөздөрдү жакшы укпай жатабыз",- деди ал.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бир аз мүчүлүштүктөр бар экенин, аны жоюу иштери жүрүп жатканын айтып, депутаттарды сабыр кылып турууга чакырды.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жыйындар залы жаңыланып, заманбап техникалар менен жабдылган.
Эрулан Кокулов парламенттин жаңыланган залындагы мүчүлүштүктү айтты
Эрулан Кокулов парламенттин жаңыланган залындагы мүчүлүштүктү айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:13
2025-09-10

13:00
2025-09-10
12:03
2025-09-10

11:35
2025-09-10

Рейтинг:
0

