Францияда жаңы премьер-министр дайындалды
Франциянын президенти Эммануэль Макрон коргоо министри Себастьян Лекорнюну премьер-министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.
Маалым болгондой, ал парламент менен сүйлөшүп, жаңы бюджетти кабыл алдыруу жана өкмөттүн курамын сунуштоо милдетин алды.
1986-жылы төрөлгөн Лекорню 19 жашында саясатка аралашып, 27 жашында Вернон шаарынын мэри болгон.
- 2017-жылы - мамлекеттик катчы
- 2018-жылы - аймактар боюнча министр
- 2020-жылы - деңиз аймактары боюнча министр
- 2022-жылы - коргоо министри болуп эмгектенген
Ал Францияда Макрон дайындаган жетинчи премьер-министр болуп калды. Лекорню парламентте ишеним добушун ала албай кулаган Франсуа Байрунун ордуна келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:46
2025-09-10
11:43
2025-09-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.