super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Айрым курулуш компаниялары шаардыктарга тынчтык бербей жатышат"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым курулуш компаниялары шаардыктарга түнкүсүн тынчтык бербей жатышканын парламенттин бүгүн, 10-сентябрдагы жыйынында айтты.

"Бир жыл мурун “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды кабыл алдык эле. Президент документке кол койгон. Аталган мыйзамга ылайык, бул жайда шаардыктар тынч уктоосуна үмүт артылган болчу. Бирок мындай болбой жатат. Мыйзам жакшы иштебей жатат. Мисал келтирейин, "Байташ" деген курулуш компаниясы бар. Улан кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө тургандардын уктоосуна жолтоо болуп жатат. Алар мыйзамды сактоого тийиш. Эмнеге сыйлабастык кылып жатышат?

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын подрядчы компаниялары үйлөрдү куруп жатышат. Таптакыр мыйзамды сыйлабай. Түштүк Магистралдын жогору жагында үй курулууда. Алар да жашоочуларга тынчтык бербей жатышат",- деди депутат.

Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, калаадагы бардык курулуш компанияларынан, тамактануучу жайлардан мыйзамдын талаптарын сактоосун талап кылуу керектигин кошумчалады.






10.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: