super.kg logo

Бишкек мэри Ататүрк сейил багындагы реконструкция иштерин текшерди

 

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы сейил бакка барып, аны жаңылоо боюнча жүрүп жаткан масштабдуу иштерди текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда сейил бакта жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы жол салынууда. Бул жол долбоордун алкагында пландаштырылган.

Шаар башчысы жетекчилерге ишти күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Негизги милдеттер - мүмкүн болушунча көп жашыл мейкиндиктерди сактап калуу. Ошондой эле жарыктандырууга, ирригациялык системага жана жашылдандыруунун башка элементтерине көңүл буруу.

Реконструкциялоо долбоору жөн гана оңдоолорду эмес, сейил багына жаңы кире бериштер, Ооганстандагы согуш ардагерлерине арналган эстеликти жаңылоо, заманбап балдар жана спорт аянтчалары, иппотерапия зонасы, байкоочу көлмө жана пикник аянтчалары уюштурулат.

Активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн 3 чакырым чуркоо жолу жана 3,6 чакырым велосипед жолу каралган. Тротуарлардын жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзөт.

Быйыл күзүндө паркка 500дөн ашык бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Мындан тышкары, мэр Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жакынкы аралыкта жээкти жашылдандыруу маселеси каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: