Мирлан Самыйкожо мектептердин жетишсиздиги курч көйгөйгө айланып бара жатканын айтты (видео)
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңштин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билим берүү тармагындагы маселелер өкмөттүк деңгээлде каралышы керектигин айтты.
Ал окуу китептеринин, мектептердин жетишсиздиги курч көйгөйгө айланып бара жатканын белгиледи.
"Муну Билим берүү министрлигине (учурдагы Агартуу министрлиги) эле жүктөй бербешибиз керек. Билим берүү министри колунан келишинче далалат кылып жатат. Муну жогорку деңгээлде, президентибиздин, өкмөтүбүздүн деңгээлинде карашыбыз керек болуп калды",- деди Самыйкожо.
Эл өкүлү ошондой эле көп кабаттуу батирлер курулуп жаткан кичи райондордо мектеп куруу үчүн жердин жоктугуна нааразычылыгын билдирди.
Мирлан Самыйкожо мектептердин жетишсиздиги курч көйгөйгө айланып бара жатканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:46
2025-09-10

15:06
2025-09-10

14:59
2025-09-10

14:13
2025-09-10

13:00
2025-09-10
Рейтинг:
0

