"Бир тууганым мен үчүн Англиядан келип..." Кыргыз эл артисти Динара Акулова 61 жашта
Кыргыз эл артисти Динара Акулова бүгүн, 10-сентябрда 61 жашка толду. Учурда ырчы айымды куттуктагандардын саны арбын. Алардын катарын биз да толуктап, SUPER.KG порталы байланышка чыктык.
Убактысынын тардыгына карабай биздин суроолорго жооп узаткан ырчы айым белгилүү себептерден улам жакшылыгын жакындары менен биргеликте эртең, 11-сентябрда ресторандардын биринде өткөрө тургандыгын айтты. Ага куда-сөөк, урук-туугандары жана кесиптештери чакырылган.
Ал эми бүгүнкү күн ырчы айымдын бир тууганы алыстан келип куттуктап, небереси Айгүн белегин берип өзгөчө башталганын билдирди.
"Эң биринчилерден болуп, ар дайым менин жанымда тирек болгон неберем Айгүнүм куттуктады. Анын өзгөчө куттуктоосун алып кубанып отурсам, түнкү саат 12де бир тууган иним кирип келди. Ал мен үчүн атайын алыскы Англиядан келди. Албетте, ал өзгөчө белеги менен келиптир. Мындан тышкары, чыгармачылыгымда 25 жылдан бери колдоочум болуп келе жаткан балдарым куттукташты. Анан албетте, социалдык түйүндөрдөн сахналаштарым, дос-жарларым жылуу сөздөрүн арнап, айрымдарынын белектерин алып жатам",- деди ырчы.
Ырчы айымдын эсте калган өзгөчө белеги жана кубаныч тартуулаган майрамдык кечеси тууралук сураганыбызда, өткөн жылы 60 жылдыгын белгилеген күндү эстеп өттү.
"Өткөн жылы 60 жылдык мааракемди кафелердин биринде белгилеп жатканбыз. Орусиядагы кызым видеобайланыш аркылуу чалып, мени куттуктап, София аттуу неберемди туулган күнгө "белек" кылды. Мен үчүн жашоомдогу эң кубанычтуу күнүм да, баалуу белегим да ошол болду. Эми неберем божурап чалып турат. Туулган күнгө арналган кечемди өткөргөн соң, Софиямды куттуктаганы Орусияга барып келейин деген пландар бар. Анткени ал мени күтүп жатат",- деп кошумчалады ырчы айым.
SUPER.KG порталы да ырчы айымга ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайт.
Динара Акулова Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Караколдогу музыкалык окуу жайын, кийин Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон.
Марат Алыбаевдин “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырларын аткарып, кыргыз элине белгилүү болуп, кийин “Динара” эстрадалык тобун түзгөн.
Белгилей кетсек, ырчы 2021-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Эл артисти наамы менен сыйланган.
10-сентябрга карата жылнаама.
