super.kg logo

Бишкекте 8 айда иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү аркылуу 4 миңден ашык жаран ишке орношту

 
Бишкекте 8 айда иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү аркылуу 4 миңден ашык жаран ишке орношту. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Эмгек министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, январь-август айларында ишканалар жана уюмдар тарабынан 9 040 бош орун берилген, алардын ичинен 6 442си жумушчу орундар. 1-сентябрга карата бош орундар базасында 4 263 орун калган, анын ичинен 2 924ү жумушчу орундар болуп эсептелет.
Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер: мугалим, дарыгер, айдоочу, тигүүчү, сатуучу, курьер, официант.
Сегиз айдын ичинде жумуш издеп иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылгандардын саны 11 251 адамды түздү. Алардын ичинен 3 927си жумуш издөөчү катары каттоого алынып, 7 324 жаранга эмгек мыйзамдары, кесиптик окуу жана кайра даярдоо, кесип тандоо жана жумуш ордун алмаштыруу боюнча консультациялар берилген.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен 2 915 жумушсуз жаран ишке орноштурулса, окуусун аяктагандан кийин дагы 1 129 адам жумушка орношту.
Кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири – жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү болуп саналат. Атап айтканда:
  • кесиптик окутуу жана кайра даярдоо (1 433 адам окутууга жөнөтүлгөн);
  • акы төлөнүүчү коомдук иштер (825 адам тартылган);
  • социалдык контракттын негизинде ишкердик ишмердүүлүк;
  • жаштар стажировкасы.
Ошондой эле отчёттук мезгил ичинде Бишкек шаарынын 57 мектебинин 9-классын аяктаган 5 011 бүтүрүүчү кесиптик тестирлөөдөн өттү.
Май айынан тартып Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына өткөрүлгөн 1221 колл-борбору иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча 263 чалууну кабыл алды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: