Польша премьер-министри орус дрондоруна байланыштуу өкмөттүн шашылыш жыйынын өткөрүүдө
Польшанын премьер-министри Дональд Туск өлкөнүн аба мейкиндиги бузулган деген билдирүүлөрдөн кийин өкмөттүн шашылыш жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 10-сентябрда өкмөттүн басма сөз катчысы Адам Шлапка билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда. .
Ал кошумчалагандай, жыйынга мамлекеттин коопсуздугуна жооптуу министрлер катышууда. Ошол эле күнү Туск Польшанын аба мейкиндигин бузган "көптөгөн объекттер" жөнүндө билдирүү жасап, абал тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттеге маалымат бергенин билдирди. Ошондой эле, ал объекттерге карата кабыл алынган чаралар жөнүндө да кабар берди.
Кийинчерээк Польшанын аймагында бир нече учкучсуз учуучу аппараттар жок кылынганы маалым болду.
Буга чейин Onet порталы жалпысынан төрт аэропорт түндө жабылганын кабарлады. Себеби катары орус дрондору Польшанын аба мейкиндигин бузду деген маалыматтар көрсөтүлгөн.
Польша Куралдуу күчтөрүнүн оперативдүү командачылыгы X социалдык тармагында Польша жана анын союздаш өлкөлөрүнүн аскердик авиациялары аба мейкиндигинде иш жүргүзгөнүн жарыялады.
