Бүгүн Орусиядагы кыргызстандыктар миграциялык статусун жөнгө сала турган акыркы күн
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев "Биринчи радио" аркылуу кайрылып, Орусияда жүргөн кыргыз жарандарына эскертет.
"10-сентябрь Кыргызстандын жарандары Орусиядан чыкпастан миграциялык статусун мыйзамдаштыра ала турган акыркы күн",- деди Ногойбаев.
Ал жарандарды берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мыйзамдуу статус алып, ишмердүүлүгүн эркин жана тынч улантууга чакырды.
Учурда кыргыз жарандары Орусиядагы "кара тизмеден", тагыраагы, миграция мыйзамдарын бузгандар тизмесинен өз ысымын чыгарууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонбогондор "башкарууга алынган адамдар" тизмесине кошулушу мүмкүн.
Эгер миграциялык статус жөнгө салынбаса, мунун кесепети кандай болот?
Ногойбаевдин айтымында, төмөнкүдөй чектөөлөр жаралышы мүмкүн:
-
Банктын карталары блоктолушу мүмкүн;
-
Жашаган жериңизди өзгөртүү мүмкүн болбой калат;
-
Банктык операцияларга тыюу салынат;
-
Жылмалыктар жана мүлк операцияларына бөгөт коюлат;
-
Үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө да чектөөлөр коюлушу мүмкүн (бул өзгөчө Орусияда балдары менен жашаган мигранттар үчүн опурталдуу).
Кайдан маалымат алса болот?
Кыргыз жарандары бардык суроолору боюнча кайрыла алышат:
-
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине;
-
Консулдук бөлүмдөргө;
-
migrant.kg расмий сайтына.

