"Уят, депутат мырза!" Мирлан Самыйкожо кесиптешин монополист деп атады (видео)
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кесиптешин монополист деп атады.
Самыйкожо Чүйдүн Красная Речка айылына курулган томат заводунун ээсин жерлерди басып алууда деп айыптады.
"Чүйдө бир монополист пайда болуптур. Ал биздин кесиптешибиз экен. Томат заводу салынгандан бери ошол жактагы кичи жана орто чарбалыктар айыл чарба фондунан ижарага жер ала албай калышыптыр. Өкүмзордук менен, депутаттык мандаты менен сотко чейин барып, сотту өзгөртүп, ушунчалык чоң кийлигишүүлөр менен жерди басып алып жатыптыр. Бул уят, урматтуу депутат мырза! Томат заводуңар өзүңөрдүн бизнесиңер үчүн болсо, тигил жакта башкалардын чарбачылыгы бүтүндөй эл үчүн...",- деди ал.
Эл өкүлү бул ишти Жогорку Соттун төрагасы көзөмөлгө алышы керектигин айтты.
Ачык булактардагы маалымат боюнча аталган заводдун директору Жапаркул Саккараев. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин уулу.
"Уят, депутат мырза!" Мирлан Самыйкожо кесиптешин монополист деп атады






