super.kg logo

Орусияда 14 жаштагы хоккейчи машыгуу учурунда каза болуп калды

 

Орусиянын Свердлов районунун Асбест шаарында 14 жаштагы хоккейчи машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кырсык 9-сентябрда кечинде Хризотил спорт мектебинде болгон. Саат 16:30да спортчулар машыгууга киришкен. Ал бир нече көнүгүүлөрдү жасаган. Бир учурда жыгылып, ошол бойдон өзүнө келген эмес. Дарыгерлер баланын өмүрү үчүн күрөшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.

Машыктыруучунун айтымында, өспүрүмдүн ден соолугунда эч качан көйгөй болгон эмес, ал ар дайым бардык медициналык кароодон өткөн, дарыгерлер тарабынан спорт менен машыгууга уруксат берилген.

Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: