Жалал-Абад маданият техникумунун жатаканасы оңдолуп пайдаланууга берилди












Бүгүн, 10-сентябрда Жалал-Абад маданият техникумунун жатаканасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи комуз күнүнө туш келип, кош майрам катары белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жатакананын капиталдык оңдоп-түзөөсүнө министрликтен 10 миллион сомдон ашык акча каражат бөлүнгөн.
"Буга чейин ажатканасы менен ашканасы сыртта жайгашкан болсо, эми оңдоодон кийин жатаканын ичинен орун алып, студенттердин жашоосуна ыңгайлуу болуп калды.
Ошондой эле, жатаканага ысык суу, жылытуу системи орнотулду. Аны менен катар заманбап эмеректер жана тиричилик жабдыктары: жаңы керебет, шкаф үстөл-отургуч, ашкана эмеректери, муздаткыч, автомат кир жуучу машиналар жана төшөнчүлөр менен камсыз болду",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул оңдоп-түзөө иштери жатакана курулгандан бери 40 жылдан кийин алгачкы жолу ишке ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

16:9
2025-09-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.