Орусияда мыйзамсыз жүрүү эми оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн
Бүгүн, 10-сентябрда Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга өлкөдөн чыкпастан өз статусун мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 14 миң 600дөн ашык кыргызстандык макамын мыйзамдаштырды. 11-сентябрдан тартып, миграциялык статусун мыйзамдаштырбаган чет элдик жарандарга карата депортациялоо чаралары, банк кызматтарынан пайдаланууну чектөө, Орусияга кирүүгө тыюу салуу сыяктуу чаралар колдонулат. Мындай жарандардын маалыматтары башкарууга алынган чет элдиктердин реестринде катталат.
Орусиянын ИИМи мигранттарга жардам берүү максатында бир катар шарттарды жаратканын билдирди:
-
Миграция бөлүмдөрүндө кошумча кабыл алуу терезелери ачылган;
-
Иш убактысы узартылган жана ыңгайлаштырылган;
-
Тийиштүү аймактарда консулдуктар менен кызматташуу уюштурулган;
-
ММКлар, жолугушуулар жана видеоконференциялар аркылуу маалымат таратуу уюштурулган.
Мыйзамдаштыруу иштерине Кыргызстандын элчилигинин жана Эмгек министрлигинин өкүлдөрү да катышты.
