Чүйдө жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча борбор ачылды
Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын базасында Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул борбор өлкөдө жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөн өндүрүүчү инфраструктурасын түзүүгө көмөктөшүү боюнча эл аралык долбоордун алкагында, Корея Республикасынын колдоосу менен түзүлдү.
Долбоордун максаты — жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системин түзүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана агрардык тармакта дуалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү.
Ачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Корея Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванжэ, ошондой эле Корея Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин өкүлү Мун Кён Дак катышты.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан жыл сайын 250 миң тоннадан ашык ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн колдонот. Бирок бул көлөмдө үрөндөрдүн жогорку репродукциялуу жана элиталык сортторунун үлүшү төмөн бойдон калууда.
Үрөндөрдүн 20-25 пайызы гана заманбап сапат стандарттарына жооп берет. Көп чарбалар азыркы талапка жооп бербеген үрөндөрдүн эски сорттордун пайдаланып жатышат. Ал эми, жашылчанын, көп жылдык чөптөрдүн жана мөмө-жемиштердин үрөндөрүнүн рыногу жакшы деңгээлде өнүгө элек. Азыркы учурда республиканын үрөн рыногун чет өлкөлүк гибриддердин генотиптери ээлеген. Өсүмдүктөрдүн ата мекендик селекциясы жогорку денгээлге жете элек.
Министрлер кабинети үрөн секторунда түзүлгөн кырдаалды өзгөртүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатат. Акыркы жылдары үрөнчүлүктү өнүктүрүү программалары бекитилип, ченемдик-укуктук база жаңыланып, үрөндү сертификациялоо жаатында эл аралык стандарттар киргизилип жатат",- деп белгиледи өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.
Борбордун ачылышы өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Бул борбор аркылуу жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, илимий изилдөөлөр өнүгүп, дыйкандар сапаттуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн үрөн менен камсыз болот.


