"Ата-энелер пол жууп жатышат". Депутат кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын көтөрүү зарылдыгын айтты
Парламенттин бүгүн, 10-сентябрдагы жыйынында депутат Бактыбек Марипов мектептердеги кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасын жогорулатуу зарылдыгын билдирди.
Айтымында, аталган маселе боюнча мугалимдерден, ата-энелерден кайрылуулар түшүп жатат.
"Бүгүнкү күндө мектептеги кенже тейлөөчү кызматкерлердин орточо айлыгы 6-7 миң сомду түзүп жатат. Бул айлыкка учурда эч кимдин иштегиси да келбейт. Ошондуктан ата-энелер өздөрү пол жууп, керек болсо мугалимдер дагы жууп жатыптыр. Бул боюнча Агартуу министрлигине тапшырма берип, айлыкты көбөйтүп, ушул маселени чечип берсеңиздер",- деп эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Депутат өз сөзүндө бул жагдай кайсы аймакта, кайсы мектепте катталганын ачыктаган жок.
10.09.25





