Япония менен кызматташтыктын алкагында 10 саламаттык сактоо уюму медициналык жабдуу алды











Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусундагы он саламаттык сактоо уюмдарына заманбап медициналык техника - рентген-аппараттар, УЗИ системдери жана башка жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 999 миллион япон иенин (болжол менен 7,5 миллион АКШ доллары) түзгөн бул жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык жардам программасынын алкагында Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен жеткирилди.
Аземге саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки мырза, Жогорку Кеңештин депутаты, Япония менен достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров, JICA'нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро мырза катышты. Иш-чара Чүй райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун базасында өттү.
Эркин Чечейбаев Япония щкмөтүнө жана JICA'га Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Жеткирилген жабдуулар жугуштуу эмес оорулардын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртып, Бишкек жана Чүй облустарынын жашоочулары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат",- деп белгиледи министр.
Бул демилге жогорку суроо-талап бар болгон он саламаттык сактоо уюмдарын зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу жугуштуу эмес оорулардын диагностика жана дарылоо системин чыңдоого багытталган. Долбоордун ишке ашырылышы өлкө боюнча медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга салым кошот.
Жабдууларды алган уюмдар: Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунун жалпы дарыгерлик практика борборлору, Чүй облустук бириккен ооруканасы жана башкалар.
Маалымат үчүн: Долбоор боюнча ноталарга кол коюу жана алмашуу 2023-жылдын февралында Бишкекте Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки мырза менен каржы министри Алмаз Бакетаевдин катышуусунда өткөн. Гранттык жардам тууралуу макулдашуу JICA'нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү менен Каржы министрлигинин ортосунда түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.