Нарында жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн деп 30 жаштагы жаран кармалды
Нарын шаарында жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-августта милиция жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысын каттоого алган. Шектүү делген шаар тургуну жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү соттун чечими менен 4-ноябрга чейин камакка алынды.
Нарында жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн делип 30 жаштагы киши кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-09-10

14:9
2025-09-09
12:24
2025-09-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.