super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ошто онкология менен ооруган балдарга дарылар жетишсиз экенин айтты

 

Ош шаарында онкология менен ооруган балдарга дарылар жетишсиз болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова парламенттин бүгүн, 10-сентябрдагы жыйынында айтты.

Эл өкүлү билдиргендей, балдардын онкология бөлүмүндөгү шарттар талапка жооп бербейт.

"Онкология бөлүмүнүн шарттары оор экен. Санитардык жана гуманитардык нормалардан алыс. Мисалы, бир бөлмөдө беш балага чейин жайгашат. Алардын ата-энелерин кошкондо 10 адам болот. Бул нормадан тыш көрүнүш. Себеби мындай бейтаптар бөлмөдө экиден ашыкча болбошу керек",- дейт депутат.

Ошондой эле депутат президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, ал жерге жаңы заманбап онкология бөлүмүн куруу керектигин айтты.

"Ал жерде дары-дармектер жетишсиз экен. "Кыргыз фармация" тарабынан дары-дармектер келбегенин өзүм көрүп келдим. Азыркы учурда ата-энелер дары-дармектер боюнча кайрылуу жазып жатышат. Саламаттык сактоо министри өзү барып, ал жердеги бөбөктөрдөн кабар алып койсунчу",- деп билдирди ал.






10.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: