super.kg logo

Кытайлык компания өз кызматкерлерине арыктоо үчүн акча төлөп берүүдө

 

Кытайдагы Arashi Vision аттуу IT компаниясы кызматкерлерин дени сак жашоого үндөө үчүн кызыктуу корпоративдик программа ишке киргизди.

Өткөн бир жыл ичинде бул акцияга 99 кызматкер катышып, жалпысы 950 килограммга арыкташып, 1 миллион юань өлчөмүндө акчалай сыйлык алышкан.

Программага каалаган кызматкер катыша алат. Ар бир жоготулган 0,5 килограмм салмак үчүн 500 юань (болжол менен 70 доллар) берилет. Бирок акцияда "айып пункту" да бар. Эгер катышуучу кайрадан салмак кошсо, анда ар бир кошулган 0,5 килограмм үчүн 800 юань айып төлөшү керек.

Компаниядагы жаш кызматкер Се Яци үч ай ичинде 20 килограммга арыктап, 2000 доллар сыйлыкка жана корпоративдик "Салмак азайтуу чемпиону" наамына ээ болгон. Ал сынактын жүрүшүндө тартипти катуу карманып, тамактануусуна кылдат көз салып, күнүнө 1,5 сааттан спорт менен машыгып турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: