Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында электрондук кезек системи ишке киргизилип жатат










Кыргызстан–Өзбекстан чек арасындагы "Достук" бекетинде электрондук кезек башкаруу системи ишке киргизилип жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кадам чек арадан өтүүнү ылдамдатууга, чыгымдарды азайтууга жана товар агымдарын жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
2024-жылдын ноябрында пилоттук версиясы "Кызыл-Кыя" бекетинде сыноодон өткөрүлдү. Ал жүк ташуучу унаалардын топтолушун жоюп, кезектүүлүктү уюштуруп, процессти пландалгандай жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Бизнестин чыгымдары азайып, соода процесстери ачык жана натыйжалуу болду.
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов системдин киргизилишин бизнес-чөйрөнү жакшыртууга багытталган маанилүү кадам катары белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында Асылкулов Эл аралык соода борборунун рынокторду өнүктүрүү департаментинин директору Мондэр Мимунини долбоорду ишке ашырууга активдүү кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

16:9
2025-09-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.