Мырзакматов Оштогу 40 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктештиргенби? Мэрдин жообу (видео)

Токторбаев алгач мурдагы мэрден 36 гектар жерди сүйлөшүү жолу менен алгандан кийин, прокуратура жер аянты мамлекеттики экенин билдирген. Бул жагдай мэрияны сотко кайрылууга аргасыз кылды.
"Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери бар экен. Мамлекетке, мэрияга өткөрсө эмнеси жаман? Элге иштейт, мэрияга иштейт. Эмне үчүн бир киши 43 гектар жерди басып жатышы керек. Мырзакматовдун 36 гектар жери боюнча сүйлөшүүлөргө барып, ал жерди мэрияга өткөрүп берип, мамлекеттик акт алган болчубуз. Андан кийин прокуратура келип "Силер туура эмес жасап койдуңар. Мамлекеттик акт шашылыш алынып калды. Бул негизи мэриянын эле жери. Жайыт жер болчу, ал мыйзамсыз өткөрүп алган" деп айтып, прокуратура аппеляциялык арыз жазды. Сот биз алган мамлекеттик актыны жокко чыгарды. 36 гектар жер мэрияныкы болуп, азыр соттошуп жатабыз. 5 гектар 30 сотых кайненесинин жери боюнча да соттошуп жатабыз. Ак-Бууранын боюндагы 80 сотых боюнча да сот жүрүп жатат. Сот отуруму 30-сентябрда", - деди мэр.
Буга чейин "Т-Медиа" телеканалы Ак-Буура дарыясынын корук аймагындагы Мырзакматовдун жакындарына катталган жер тилкелер боюнча бир нече иликтөө чыгарган. Анда дал ушул Токторбаев айткан жер аянттары көрсөтүлгөн.
Токторбаев мурунку Оштун мэри ээлеп алган жерлерди айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.