Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагы реконструкцияланууда





"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай модернизациялоо жылуулук жоготууларын бир топ кыскартат, энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдарды алдын алууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө түтүктөрдү алмаштыруу иштери аяктады. Жылуулук камераларына түтүктөрдү кошуу, кайра толтуруу жана жолдун үстүнө асфальт төшөө үчүн жолдун бөлүгүн даярдоо иштери жүрүп жатат.
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы иштин сапатын катуу көзөмөлдөп, технологиялык нормалардын сакталышын жана шаар тургундарына убактылуу ыңгайсыздыктарды азайтууну камсыз кылууда.


