super.kg logo

“Сулайман-Тоо" музей комплексинде алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды (видео)

 
“Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинде алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул келүүчүлөргө мурда жеткиликсиз болгон коллекцияларды көрүүгө жана музейде сактоодо турган буюмдар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.
Эми ар бир келген конок экспонаттарды жакындан көрүп, алардын тарыхы, сактоо ыкмалары, реставрация жана эсепке алуу жолдору менен тааныша алат. Жаңы зонада 140 даана археологиялык буюм жайгаштырылган.
Мындан тышкары, интерактивдүү элементтер, экскурсиялар жана билим берүү программалары каралган. Алар музей кызматкерлеринин сактоочу, реставратор жана изилдөөчүлөрдүн кесиптерин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Министрликтен кошумчалашкандай, ачык сактоочу фонд “Сулайман-Тоо” музей комплекси тарабынан өзүнүн каражатынын эсебинен ишке ашырылды.





Сулайман -Тоодо алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: