Польшанын премьер-министри 19 орус дрону өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди
Польшанын премьер-министри Дональд Туск парламентте сүйлөп жатып, түн ичинде өлкөнүн аба мейкиндигине 19 жолу дрондор киргенин, алардын басымдуу бөлүгү Беларус аймагынан учурулганын билдирди.
Анын айтымында, үч дрондун жок кылынганы тастыкталды, дагы бир аппарат атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн.
Буга чейин Туск өкмөттүн шашылыш жыйынында "орус дрондору" тууралуу сөз кылып, бирок алардын так санын ачыктаган эмес.
"Коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жараткан бул дрондор атып түшүрүлгөнү саясий жагдайды өзгөрттү. Ошондуктан союздаштар менен консультациялар НАТО келишиминин 4-беренесин иштетүү боюнча расмий өтүнүч жиберди", — деди Туск.
Ал эми Польшадагы Орусиянын убактылуу өкүлү Андрей Ордаш Орусияга коюлган айыптоолорду "негизсиз жана далилсиз" деп атады.
Эске салсак, НАТО келишиминин 4-беренесинде, эгер мүчө мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына же коопсуздугуна коркунуч жаралса, альянс ичинде консультациялар өткөрүлөрү каралган.
