super.kg logo

Францияда нааразылык акцияларында 200гө жакын адам кармалды

 

Францияда президент Эммануэль Макрондун саясатына каршы өтүп жаткан акцияларда 200гө жакын адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, "Баарын токтотолу" деген ураан менен уюштурулган нааразылык өлкө боюнча уланып жатат. Парижде жүздөгөн митингчилер Түндүк вокзал аймагына топтолуп, полиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана таяк колдонуп таркатты.

Митингчилер өкмөттүн үнөмдөө саясатына жана премьер-министр болуп Себастьян Лекорнюнун дайындалышына каршы чыгышууда.

Марселде да миңдеген адам "Макрон, отставкага кет" деген ураан менен көчөгө чыкты. Аймактарда дыйкандар жол тосуу акцияларын, ал эми кээ бир шаарларда окуучулар мектеп кире беришинде акцияларды өткөрүштү.

Ички иштер министри Бруно Ретайо учурда 200гө жакын адам кармалганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: