super.kg logo

iPhone 17 тааныштырылгандан кийин Apple'дин акциялары түшүп кетти

 

Apple компаниясы 9-сентябрда жаңы iPhone 17нин үч версиясын — негизги модель, iPhone 17 Air жана iPhone 17 Pro'ну тааныштырып, презентация өткөрдү. Бирок жаңы продукттарга карата күтүүлөр акталбай, компаниянын акциялары 1,4 пайызга төмөндөп, бир даанасы 234 болду (NASDAQ маалыматы боюнча).

iPhone 17 A19 процессору менен жабдылып, мурунку версияларга салыштырмалуу 8 саатка узак иштейт. Air версиясы эң жука жана жеңил модель болуп, күчү MacBook Pro менен салыштырылат. Pro версиясы Air’ге караганда бир аз кубаттуураак.

Жаңы моделдердин баасы:

- iPhone 17 —799 доллар
- iPhone 17 Air — 999 доллар
- iPhone 17 Pro —1099 доллар

Сатуу 19-сентябрдан тарта башталат.

Мындан тышкары, Apple Watch Series 11 жана жаңы AirPods Pro 3 да сунушталды. Кулакчындар үн которуу жана угуу аппараты функцияларын камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: