АКШ Конгрессинин Өкмөттү көзөмөлдөө комитети 2003-жылы финансист Жеффри Эпштейндин 50 жылдык мааракесине арналган альбомду коомчулукка чыгарды. Бул документ АКШ президенти Дональд Трамп менен Wall Street Journal ортосундагы соттук талашка себеп болгон.
WSJ'нин маалыматына ылайык, альбомдун ичинде Эпштейнге арналган куттуктоо кат бар. Анда жашыруун сырлар, достук жана "карылыкка баш ийбеген адамдар" тууралуу текст жазылган. Ошондой эле кат менен бирге буту-колу жок жылаңач аялдын эскизи тартылган сүрөт болгон. Иллюстрациянын астында басма түрүндө "Ж. Трамп" деп жазылып, "Дональд" деген кол тамга коюлган.
АКШ президентинин администрациясы бул жазуунун чыныгы экенин четке какты. Ак үйдүн аппарат жетекчисинин орун басары Тейлор Будович X социалдык тармагында: "Бул Трамптын кол тамгасы эмес. WSJ эми чөнтөк китепчесин чыгарып, жооп берүүгө даярданышы керек", - деп жазды.
Будович мындан тышкары өткөн жылы Трамптын шайлоо өнөктүгүндө колдонулган кол тамгалардын сүрөттөрүн салыштырма далил катары көрсөттү. Алардын баарында Трамп өзгөчө сызыкка окшогон мүнөздүү кол тамга колдонгонун, ал эми Эпштейндин альбомундагы кол тамгада мындай белги жок экенин белгиледи.
Ал эми WSJ басылмасы далил катары ошол эле мезгилдеги (2000-жылдардын башында) Трамп кол койгон каттарды келтирди. Басылма белгилегендей, Эпштейндин альбомундагы кол тамга 2000-жылы Трамп Хиллари Клинтондун Сенатка шайланышын куттуктаган каттагы кол тамгасына дээрлик окшош.
CNN телеканалынын юридикалык аналитиги Эли Хонигдин айтуусунда, Дональд Трамп үчүн Wall Street Journal тарабынан ага карата каралоо болгонун сотто далилдөө оңой болбойт. Себеби Трамп алгач андай каттар таптакыр жок экенин билдирген. Ошондуктан сотто Трамп алгач дал ошол билдирүүсүн түшүндүрүп бериши керек.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.