Бишкекте чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукана аныкталды (сүрөт, видео)













Бишкекте караоке клубу деп эсептелип, бирок чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2025-жылдын 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жайдын уюштуруучусу К.А.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"Коомго жат болгон мүнөздөгү иштер менен алектенген кыздардын жеке маалыматтары такталып, ыкчам каттоого алынды. Ошондой эле учурда аларга карата Укук бузуулар жөнүндө Кодекске ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукана аныкталды

