super.kg logo

Чек арадагы санариптик кезек оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын жашоосун кандайча өзгөртүүдө

 

9-сентябрда Ош шаарында Кыргызстандагы электрондук кезекти башкаруу системасын киргизүүнүн учурдагы жыйынтыктары талкууланган иш-чара өттү. Учурда система “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда иштеп жатат, ал эми “Достук” өткөрмө пунктунда тестирлөө режиминде колдонулууда. Жаңы система жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына өткөрмө пунктунан качан өтөрүн алдын ала билүүгө жана өз убактысын натыйжалуу пландоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул система Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Мамлекеттик бажы кызматы менен тыгыз кызматташтыкта, Европа Биримдигинин жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) колдоосу менен иштелип чыккан. “Ready4Trade Борбордук Азия” аттуу төрт жылдык долбоордун бир бөлүгү болуп саналган бул система Транскаспий транспорттук коридорунун операциялык натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

2024-жылдан 2028-жылга чейин пландаштырылган долбоор Евробиримдиктин жана чөлкөмдүн рынокторуна кирүүгө жардам берүү менен, регионалдык координацияны жакшыртууга, чакан жана орто ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга умтулат.

Жакшы жагына карай өзгөрүүлөр

2024-жылдын ноябрында “Кызыл-Кыя” көзөмөл-өткөрмө пунктунда электрондук кезек системасы пилоттук негизде ишке киргизилген. Бул чакан, бирок перспективдүү өткөрмө пунктун келечекте эл аралыкка айландыруу пландалып жатат. Ийгиликтүү пилоттук сыноодон кийин бул системага башка өткөрмө пункттарды да кошуу чечими кабыл алынган, анын ичинде өтө көп жүк түшүп жаткан “Достук” өткөрмө пункту да бар.

2025-жылдын биринчи жарымында эле бул пункт аркылуу 60 миңден ашык транспорттук каражат өткөн. Бул сөзсүз түрдө тыгынга жана күтүлбөгөн кечигүүлөргө алып келет. Жакын арада айдоочулар kezek.gpti.kg платформасын колдонуу менен чек арадан өтүү убакыттарын алдын ала брондой алышат, бул болсо башаламандыктын жана ашыкча күтүп калган учурлардын алдын алат.

“Кыргызстан үчүн бул системаны киргизүү жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүнүн негизги элементи болуп саналат. Система жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, бизнес жана жүк ташуучулар үчүн чыгымдарды кыскартып, ошону менен бирге соода процесстеринин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Бул долбоор өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоо боюнча кеңири стратегиянын бир бөлүгү, ал эл аралык рыноктордо анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган”, - деп белгиледи Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов.

“Кезекти башкаруунун электрондук системасын киргизүү – чек араларды тезирээк, ачык-айкын жана ыңгайлуу кылган кадам. Бул Кыргызстандын соода инфраструктурасын модернизациялоонун маанилүү элементи жана өлкөнүн соода өнөктөш катары атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун ачкычы”, - деди ЭСБнын Рынокторду өнүктүрүү департаментинин директору Мондер Мимуни.

Электрондук кезек системасын киргизүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарууга арналган иш-чарада долбоордун бүткүл жолун чагылдырган материалдар көрсөтүлдү. “Идеядан жыйынтыкка карай” аттуу материалда “Кызыл-Кыя автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунда пилоттук долбоордон баштап системаны киргизүүнүн бардык этаптары так көрсөтүлгөн.

Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле “Достук” пункту менен таанышуу экскурсиясынын жүрүшүндө системанын натыйжалуулугуна өздөрү да ынанышты. Аларга камералар, шлагбаумдар жана экрандар сыяктуу санариптик платформа жана физикалык компоненттер үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылуу үчүн кантип биргелешип иштешип жатканы көрсөтүлдү.

Кезексиз келечек

Иш-чарада айдоочулар үчүн инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурулду. “Мамлекеттик Бажы инфраструктурасы” ААК келечектеги күтүү аймагынын концепциясы менен тааныштырды, ал жайлуулукка, коопсуздукка жана ыңгайлуулукка багыт алмакчы. Долбоор инфраструктураны өнүктүрүүнү караштырат, анын ичине тамактануу түйүндөрү, санитардык шарттар, эс алуу жайлары жана техникалык колдоо кызматтары кирет.

Бажы кызматынын өкүлдөрү бул демилгени жогору баалашты.

КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Медет Турсалиев системаны киргизүү – бул заманбап, сервистик мамилеге өтүү экенин белгиледи. “Биз классикалык ыкмадан көзөмөлгө, заманбап тейлөө форматына өтүп жатабыз, бул жерде бизнес жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуулук башкы артыкчылыкка айланат”, - деди ал.

Ошентип, электрондук кезек чек араны башкарууга жаңы мамиленин символу болуп калды, мында эң башкысы – бул натыйжалуулук жана ыңгайлуулук, бул болсо Мамлекеттик бажы кызматынын “Көзөмөлдөн сервиске өтүү” концепциясын чагылдырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: