super.kg logo

Непалдын мурдагы премьер-министринин жубайы кол салуудан кийин аман калганы айтылууда

 

Непалдагы нааразычылык акциялары маалында мурдагы премьер-министр Шера Деубунун жубайы Раджьялакшми Читракар жашаган үйгө өрт коюлуп, ал оор абалда аман калганын жергиликтүү Khabarhub порталы жазды.

Маалыматка караганда, Читракар ооруканага жаткырылып, учурда күйүктөрдөн улам дарыланууда. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашууда.

Буга чейин Khabarhub порталы анын каза болгону тууралуу маалымат тараткан, бирок кийин ал жаңылык өчүрүлгөн.

Эске сала кетсек, Непалда жаштардын кеңири катышуусунда нааразычылык акциялары өтүүдө. Буга өкмөттүн YouTube, X (Twitter), Facebook, Instagram, WhatsApp сыяктуу жыйырмага жакын популярдуу социалдык тармактарга жана мессенжерлерге бөгөт койгон чечими себеп болгон.

Бирок бийлик бул чечимди жокко чыгаргандан кийин да митингдер токтогон жок. Демонстранттар санарип эркиндиктерден тышкары коррупцияга каршы күрөшүү, терең системалык реформаларды жүргүзүү жана өкмөттүн толук ачыктыгын камсыз кылууну талап кылышууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардан 20дан ашык адам курман болуп, болжол менен 500дөй адам жаракат алды.

9-сентябрда Khabarhub маалымдагандай, нааразычылык акциялары маалында митингчилер экс-премьер Шера Деубуга жана анын жубайына жана каржы министри Прасад Пауделге кол салышкан. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер, анын ичинде парламент менен Жогорку Соттун имараттары, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн резиденциялары чабуулга кабылып, айрымдары өрттөлгөн. Окуяга байланыштуу өкмөт башчысы, өлкө президенти отставкага кеткен. Ошондой эле абактагы оппозициялык партиянын лидери боштондукка чыгып, жалпы 1500дөй кылмышкер абактан качып кеткени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: