“Семетей” спектакли Бишкекте жана Кванжу шаарында көрсөтүлөт
Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин Азия маданий борборунун продюсери Ким Чонвон жана Кёнбук окуу борборунун директору Сон Квон Сук менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тараптар Кыргызстан менен Кореянын маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти. Ошондой эле "Семетей" спектакли эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү маданий кызматташуунун символу катары көрсөтүлдү.
Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айында Улуттук Азия маданият борборунда спектаклдин шоу-рулл-эскизи ийгиликтүү көрсөтүлүп, көрүүчүлөр менен адистердин жогорку баасына татыган.
Быйыл борбордун 10 жылдык мааракесине карата, "Семетей" спектаклинин премьералары 28–29-ноябрда Кванжуда (Түштүк Корея) жана 12-13-декабрда Бишкекте өтөт. Бул иш-чара Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-09-10
11:17
2025-09-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.