Непалдагы митинг учурунда каза тапкандардын саны 30га жетти
Непалдагы митинг учурунда 1033 адам жабыркап, каза болгон адамдардын саны 30га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Непалдын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандарга 28 ооруканада жардам көрсөтүлүп жатат. Ооруканага бейтаптар келүүсү уланууда.
Буга чейин Times of India басылмасы полицияга таянып 25 адамдын каза болгонун билдирген. Алардын арасында үч полиция кызматкери бар. 8-сентябрда өкмөттүн имаратынын алдында полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн 19 адам жалпысынан жаштар болгон.
Эске сала кетсек, Непалда жаштардын кеңири катышуусунда нааразычылык акциялары өтүүдө. Буга өкмөттүн YouTube, X (Twitter), Facebook, Instagram, WhatsApp сыяктуу жыйырмага жакын популярдуу социалдык тармактарга жана мессенжерлерге бөгөт койгон чечими себеп болгон.
Бирок бийлик бул чечимди жокко чыгаргандан кийин да митингдер токтогон жок. Демонстранттар санарип эркиндиктерден тышкары коррупцияга каршы күрөшүү, терең системалык реформаларды жүргүзүү жана өкмөттүн толук ачыктыгын камсыз кылууну талап кылышууда.
9-сентябрда Khabarhub маалымдагандай, нааразычылык акциялары маалында митингчилер экс-премьер Шера Деубуга, анын жубайына жана каржы министри Прасад Пауделге кол салышкан. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер, анын ичинде парламент менен Жогорку Соттун имараттары, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн резиденциялары чабуулга кабылып, айрымдары өрттөлгөн.
Окуяга байланыштуу өкмөт башчысы, өлкө президенти отставкага кеткен. Ошондой эле абактагы оппозициялык партиянын лидери боштондукка чыгып, жалпы 1500 миңдей кылмышкер абактан качып кеткени айтылууда.
