Эртең Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт
Эртең, 11-сентябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин жылуулук тармагынын бир бөлүгүн түтүктөргө кошуу иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ысык суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
Гоголь көчөсү, 114, 116, 116/1, 116/2, 179, 191
Фрунзе көчөсү, 428б, 423, 425
И.Жумабек көчөсү, 79/164
Семашко көчөсү, 5, 7, 9
Ошондой эле саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук тармагындагы иштерге байланыштуу (СК-И-17ден СК-II-16ага чейин) ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:
Д.Шопоков көчөсү, 119
С.Ибраимов көчөсү, 108а, 108б, 181, 146а, 146
Чүй көчөсү, 151
А.Огонбаев көчөсү, 222
Ю. Абдрахманов көчөсү, 199
И.Үсөнбаев көчөсү, 140
Кузнечная крепость көчөсү, 487 (№2 мончо)
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.


